Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто студент кыздын сөөгүн короого көмүп койгон жигитке сот өкүм чыгарды

29.07.2022 11:22
480
Ошто студент кыздын сөөгүн короого көмүп койгон жигитке сот өкүм чыгарды


Ош облусунун Кара-Суу райондук соту мурдагы сүйлөшкөн кызын өлтүргөн ОшМУнун 24 жаштагы студентине өкүм чыгарды. 


Маалыматка караганда, кечээ, 28-июлда Кара-Суу райондук соту 22 жаштагы кызды өлтүрдү деп айыпталган ОшМУнун 24 жаштагы студентине карата өкүм чыгарды. Тергөөнүн версиясы боюнча, чыр-чатактын жүрүшүндө ал бычак менен аны бир нече жолу сайып, андан соң сөөгүн өзүнүн үйүнүн бакчасына көмүп салган.


Сот аны өтө мыкаачылык менен киши өлтүргөн деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты.


Эске салсак, 2022-жылдын 30-январында 22 жаштагы кыз эртең менен окууга кетип, кайтып келген эмес. Тергөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү 24 жаштагы ОшМУнун 4-курсунун студенти табылган. Ал Орусияда кармалып, Ошко жөнөтүлүп, Ош РИИБнин тергөө кызматына жеткирилген. Ал кылмышты мойнуна алып, бакчадагы сөөк көмүлгөн жерди көрсөткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн