Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто студенттерден экзаменден өткөрүп берем деген жаран кармалды

19.05.2022 18:34
477
Ошто студенттерден экзаменден өткөрүп берем деген жаран кармалды

 Студенттерден сессияда экзаменин бүтүрүүгө убадалап, акчаларын алып, өз кызыкчылыгына иштетип жиберген жаш жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө 2022-жылдын 11-май күнү Ош шаарындагы И.Раззаков көчөсүндө жайланышкан медициналык колледждин 23 студентинен арыз келип түшкөн. Алар арызында ушул окуу жайдын «А» аттуу студентине 1700 сомдон 3800 сомго чейин акча каражаттарын «сессияда экзамен-модульдарыӊды бүтүрүп беремин» дегени үчүн беришип, биок айтканын аткарбай, алдап кеткендигин билдиришкен.


Жалпы келтирилген чыгым 60 миӊден ашкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын өздүгү аныкталып, ал аталган окуу жайдын студенти, 2001-жылы туулган А.Н. экендиги аныкталган.


Учурда аталган жарандын үстүнөн алдамчылык боюнча тергөө иштери башталды. Ал өзү жашаган жеринен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үйүнө кое берилген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн