Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто сууга чөгүп кеткен 26 жаштагы жигиттин сөөгү бир жумадан кийин табылды

11.08.2020 10:03
916
Ошто сууга чөгүп кеткен 26 жаштагы жигиттин сөөгү бир жумадан кийин табылды


Ош шаарында сууга чөгүп кеткен 26 жаштагы жигиттин сөөгү бир жумадан кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Озгур айылында 3-август күнү Южный каналына 1994-жылы төрөлгөн эркек киши чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Издөө иштерине жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн