Ош шаарында такси кызматы токтотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Ош мэриясы жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларды, ишин токтотуп, үйдөн чыкпай отурууну өтүнгөн.
23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Шаар мэринин буйругуна ылайык, калаага кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулган. Бул блокпосттордо санитардык кызматкерлер дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн