Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 09:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Ошто тамактануучу жайлардын иштөө убактысы өзгөртүлдү

11.08.2020 09:25
898
Ошто тамактануучу жайлардын иштөө  убактысы өзгөртүлдү


Ош шаарында коомдук жайлардын ишмердүүлүгүнө бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Эми тамактануучу жайлар саат 00:00гө чейин иштей алышат, сейил бак ​​жана аянтчаларга уруксат берилбейт. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган жайларда бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо талап кылынат. Эскерте кетсек, буга чейин тамактануучу жайлар жана соода түйүндөр саат 22:00гө чейин иштешкен.


Ошондой эле санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө менен коомдук жайларда коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында, Навои жана Токтогул атындагы сейил бактар, жана башка парк, аянтчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес.


Муну менен бирге аталган жайларда ар кандай аттракциондордун (балдар поезддери, велосипеддер ж.б.) иштешине тыюу салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн