Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ошто тазалык кызматкерлерине беткаптар таратылды

26.03.2020 16:54
690
Ошто тазалык кызматкерлерине беткаптар таратылды

 

Ош-Тазалык ишканасынын кызматкерлерине миң беткап таратылды. Бул тууралуу Ош шаарыны мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев кызматкерлер менен жолугушуп, адамдардын ден соолугу үчүн шаардын тазалыгы чоң мааниге ээ экенин айткан.


“Шаарыбыздын мэри сиздерге ыраазычылык билдирди. Тазалыкка өзгөчө көңүл буруп, эл үчүн кызмат кыла бериңиздер. Кошумча убакытта иштеп берген эмгек акыңыздар ишкана тарабынан төлөнүп берилет”, - деген вице-мэр.


Эске салсак, Оштогу жеке курулуш компаниясы тарабынан берилген беткаптар орган кызматкерлерине, тазалык жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерге акысыз таркатылып жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн