Ош шаарында текшерүү рейддери күчөтүлгөн тартипте ишин улантат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июндагы брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.
“Ош шаарынын ичинде 7 санитардык блок пост жана 7 мобилдик топ күнү-түнү иштеп жатат. Мобилдик топ тарабынан ишканаларга текшерүүлөр жүргүзүлүп, 96 ишканага санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн айып салынды. Ал эми жеке өзүм рейдге чыккан учурда 4 курулуш компания айып пулга илинип, иштери токтотулду. Мындан ары да текшерүү рейддери күчөтүлгөн тартипте ишин улантат”, - деди Сарыбашов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн