Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ошто тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалган

21.04.2021 12:10
1150
Ошто тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалган

ИИМдин Ички иликтөө кызматына Ш.Х. аттуу жаран кайрылып, арыздануучунун тууганына карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 5000 АКШ долларын талап кылып жаткан  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.


Бул факты КЖБРге катталып, "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.


ИИМдин Ош шаарынын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны А.А., милициянын подполковниги А.Н. жана жаран Т.Б. арыздануучудан кылмыш ишин токтотуп, тергөө абагындагы арыздануучунун тууганын бошотуп берүү үчүн пара катары 8000 АКШ долларын талап кылышкан.


19-апрель күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзө башташкан.   3800 АКШ долларын жана 340 000 сом акча каражатын  алуу учурунда ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам  мобилдик бөлүмдөрдүн башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын подполковниги А.Н. жана жаран Т.Б. кармалган.


Ош облусунун аймагында мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны А.А. кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн