Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто террордук уюмдун чет өлкөлүк мүчөлөрү кармалды

19.04.2023 11:20
216
Ошто террордук уюмдун чет өлкөлүк мүчөлөрү кармалды

"Тавхид ва жихад катибаси" террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ, 17-апрелде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Тавхид ва жихад катибаси" террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстандын жарандары М.З. жана М.Ф. кармалды. Алар өз өлкөсүндө издөөдө жүрүшкөн.


Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү") боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.


Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн