Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто тилемчилик кылган 52 өспүрүм аныкталды

24.08.2020 16:38
1053
Ошто тилемчилик кылган 52 өспүрүм аныкталды


Ош облусунун аймагында 19-августтан 21-августка чейин  “Тилемчи” аталышындагы  алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында жалпы билим берүү мекемелеринин жайкы эс алуу учурунда окуучулар бош убактысында  коомдогу жат көрүнүштөргө аралашып калуусун, ошондой эле селсаяктык жана тилемчилик менен алектенишин, укук бузууларга жана кылмыштуулукка аралашып калууларына бөгөт коюу максатында 19-августтан 21-августка чейин “Тилемчи” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.


Иш чаранын жүрүшүндө тилемчилик жана селсаяктык кылган 52 жашы жете электер аныкталып,  алардын 35и милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


Иш-чарага 218 милиция кызматкеи жана башка органдардын өкүлдөрүнөн 36 адам катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн