Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

06.07.2022 11:14
426
Ошто тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды


Ошто оор беренелер менен бир канча жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБинин маалыматында жызылды.


Билдирүүгө ылайык, милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 5-июль күнү Ош шаарында белгисиз жаран коркутуп, жанындагы 300 долларын жана 60 000 сомун тартып алганын билдирген.


Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, шектүүнү кармоо боюнча атайын иш-чаралар уюштурулган.


Кылмышка шектүү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Мурда Орусияда бир нече жолу оор беренелер менен соттолгон жана Кыргызстанда дагы бир нече жолу сот жообуна тартылган 1983-жылы туулган Э.А. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалды.


Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнөн иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

https://www.super.kg/kabar/news/412271/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн