Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто эскертүүгө карабай той өткөргөн ресторандын ээсине кылмыш иши козголду

10.07.2020 16:53
1003
Ошто эскертүүгө карабай той өткөргөн ресторандын ээсине кылмыш иши козголду


Эскертүүлөргө карабай, той өткөргөн жарандарга катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы  өкүлү Узарбек Жылкыбаев 10-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, тыюу салууларга карабай, массалык иш-чараларды уюштурган учурлар кездешүүдө. 


"Эскертүүлөрдү эске албаган жарандарга катуу чаралар көрүлөт. Жакында эле Кара-Суу районунун аймагындагы ресторанда той өткөрүлүп жаткан экен. Анын ээсине айып пул салынып, эскертүү берилген. Бирок, эскертүүлөргө карабай, кайра иш-чара өткөргөндүктөн ресторандын ээсине милиция тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат", - деди облус башчы.


Ошондой эле, ал ооруган адамдар айыккан соң, туугандар үйүнө көрүп барган учурлар болуп жатканын айтып, тургундарга массалык түрдө чогулбоо керектигин эскертти. 


"Эгерде кошуналарынар же кайсыл бир жаран той өткөрүп жаткан болсо, милиция кызматына кабарласаңар болот. Ар бир жаран жоопкерчиликтүү болуп, той берүүнү токтотушу керек. Бишкекте кырдаал кандай болуп жатканын көрүп жатасыңар. Дарыгерлер айткан кеңештерди аткарып, социалдык аралыкты сактап, беткап тагынып, зарыл иш жок болсо, көчөгө чыкпай турушуңарды өтүнөм", - деди Жылкыбаев. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн