Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто түндө көчөдө жүргөн 44 өспүрүм кармалды

22.07.2021 14:57
676
Ошто түндө көчөдө жүргөн 44 өспүрүм кармалды


2021-жылдын 21-22-23-июль күндөрү Ош облусунун аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун, бөөдө кырсыктардын алдын алуу жана балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий, адептик өсүп-өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөргө бөгөт коюу максатында "Өспүрүм-түн" аталыштагы рейд жүрүп жатат.Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Рейддин биринчи күнүндө облустун аймагында Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан түнкү убакытта көчөлөрдө, спорттук аянтчаларда, эс алуучу жайларда, көлмө жана аларга жакын аймактарда, интернет клубтарда ата-энелердин же алардын ордун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз жүргөн 44 жашы жете элек аныкталды. Алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссияга сунуштар жөнөтүлдү. Ал эми жашы жете электердин баруусуна тыюуу салынган же чектелген жайлардын ээлерине эскертүүлөр берилди.


Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00 дөн таңкы саат 6:00 гө чейин ата-энелеринин же алардын ордун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз жүрүүсүнө тыюу салынган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн