Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто туризм тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

30.03.2022 15:57
797
Ошто туризм тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды



Бүгүн, 30-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов туроператорлор, мейманкана бизнеси, банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.


Жолугушууда Ош шаарында туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү талкууланды. Туристтик пакеттерди Ош шаарында гана эмес, жалпы облус боюнча ишке ашыруу, чет өлкөдөн туристтерди тартуу максатында туристтик продукцияларды даярдоо маселелери да козголду. 


Ошондой эле туризм тармагынын бардык объектилеринде төлөмдөрдү электрондук системада жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагы талкууланды. Эскерте кетсек, Ош шаарынын туризм тармагында учурда 13 туристтик агенттик иштейт. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн