Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ошто түркиялык компания таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду карады

10.09.2021 09:54
875
Ошто түркиялык компания таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду карады

9-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "Biotrend Energy" компаниясынын адистери менен жолугуп, шаардын инфраструктурасы менен тааныштырды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аталган компания менен мэрия "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" меморандумуна августта кол койгон. Анын алкагында "Ош-Тазалык" жана "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканаларында пландалган жана аткарылып жаткан иштерди жеринен көрүштү.


"Biotrend Energy" компаниясы менен шаардыктарды таза суу менен камсыздоо тармагында долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн