Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто үгүт иштерине тартылган студенттер боюнча кылмыш иши ачылды

05.11.2021 19:10
893
Ошто үгүт иштерине тартылган студенттер боюнча кылмыш иши ачылды

Ош шаарында 4-ноябрда өткөн «Азаттык» партиясынын аянтагы эл менен жолугушуусуна катышкан студенттер тууралуу маалымат берилди.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Мугалимдер административдик ресурсту пайдаланып 18 жашга толо элек студенттерди алдоо жолу жана буйрук менен мыйзамсыз аянтка жолугушууга алып келишкен


 Кечээ күнү, 4-ноябрда айрым жарандар тарабынан интернет булактарында Ош шаарынын борбордук аянтына «Азаттык» партиясы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери өз эркинен сырткары үгүт иштери үчүн жолугушууга алынып келингендиги тууралуу маалыматтар жарык көргөн. 


     Бул маалыматты текшерүү үчүн жолугушууга катышкан студенттер менен мугалимдер Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Алардын баарынын жашы 18ге толо элек, паспорт ала элек болушкан. Алар өз көрсөтмөлөрүндө айрым агайлары тарабынан административдик ресурсту пайдаланышып, «экскурсияга барабыз» деп алдап, Ош шаарынын борбордук аянтына, «Азаттык» партиясынын митингине алып келгендигин айтышып, мугалимдерине карата көрсөтмө беришкен. Жалпысынан 8 мугалим, 15 студент суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуу жайдын мугалимдери өз студенттерин буйрук жана алдоо жолу менен борбордук аянтка алып келгендиги аныкталган. Ал мугалимдерге айып коюлуп, тергөө аяктап калды.


     Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүнүн (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери аяктап калды. Жакынкы күндөрү соттук кароого берилет.  

 

                        

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн