Ош шаарында аз камсыз болгон жалгыз бой карыларга, үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Малыматка ылайык, Кызыл ай коому социалдык кызматкерлер менен биргеликте каттоодо турган жалгыз бой карыларга жана муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү тараткан.
Маалыматка таянсак, кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 107 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана кароосуз калган жарандарга жалпы 175 634 сомдук азык таратылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн