Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 00:58
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Ошто унаа мектебинин мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

14.08.2024 10:38
495
Ошто унаа мектебинин мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды


Ошто унаа мектебинин мугалими 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин аймактык бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылган. Ал унаа мектебинин мугалими "Д" аттуу аял "айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып беремин" деп, ал үчүн 50 миң сом акчаны пара катарында талап кылып жаткандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында 13-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында арыздануучу жарандан унаа мектептин мугалими Д.С. 40 сом акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Ал акчалар далил буюм катарында алынды.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн