Теке 27, 2024
Убакыт: 05:38
USD
EUR
RUB

Ошто уурулукка шектелип кармалган жаран адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн

12.05.2024 13:09
534
Ошто уурулукка шектелип кармалган жаран адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн


Ош облусунда уурулукка шектүүлөр кармалып, алардын бири адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-майда М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Мыйзам-Ата" аттуу дүкөнүнөн 85 миң сом акчасын жана 13 миң сомдук товарын уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Алар Ош облусунун тургундары 1982-жылы туулган Д.А. жана 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар экени такталган.

Шектүүлөр мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган. Андан тышкары, шектүүнүн бирөөсү Д.А. Россияда киши өлтүрүү беренеси боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон.

Учурда шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматында.

Алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн