Ошто уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө кол салуу болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Баткендин тургуну алган жаракатынан каза болсо, 28 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Аталган факты каттоого алынып, шектүүлөр изделүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн