Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө шайлоого кийлигишпөө эскертилди

24.11.2021 14:12
629
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө шайлоого кийлигишпөө эскертилди

Ош облусунун аймагында « Бандит» аталыштагы ыкчам иш чара ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.


2021-жылдын 22-23-ноябрь күндѳрү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын уюшулган кылмыштарга каршы күрѳшүү бѳүмчѳсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында « Бандит» аталыштагы ыкчам иш –чараларды ѳткѳрүлдү.


Иш чаранын негизги максаттуу багыттары: 

- облустун аймагында каракчылык кол салуулардын бетин ачуу, алдын алуу, бѳгѳт коюу.

-облустун аймагында каракчылыкка катышы бар деген ыкчам маалымат алынган адамдарды текшерүү жана аныктоо,

-облустун аймагында жарандарды карактап жана тоноого адистешкен кылмыштуу топторду аныктоо

-Коомго каршы аракеттерди жасоочу жана кылмыш чѳйрѳсүнүн идеологиясын үгүттѳгѳн адамдарды таныктоо жана тактоо,

- Каракчылык жана тоноочулук кылып эркинен ажыратылып, мѳѳнѳтүн ѳтѳп чыккан мурда соттолгон адамдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,

-Карапкчылык кол салуулардын себептерин жана шарттарын аныктап, бѳгѳт коюу.

Иш чаранын жүрүшүндѳ Ош облусунун аймагында 35 кылмыш жана жоруктар аныкталган.Алардын ичинен 18 уурулук, 2 майда уурулук, 1 опузалап талап кылуу,11 алдамчылык, 1 мыйзамсыз ок атуучу куралды жана ок даарыларды айландыруу , 1 шайлоочулардын добуштарын сатып алуу,1 башка кылмыштар,1 издѳѳдѳ жүргѳн кылмышкерди кармоо.


Ошондой эле КРдин ИИМнин ыкчам тизмелик каттоосунда турган уюшулган кылмыштуу топтордун мүчѳлѳрү тарабынан мурда кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам иш чаралар ѳткѳрүлдү.Жалпысынан мурда тоноочулук менен соттолгон 36 жаран текшерилди. Мындай иш чаранын алкагында жалпысынан 56 адам текшерүүдѳн ѳтүп, ыкчам кызыкчылык пайда кылган 7 жаран профилактикалык каттоого алынды.


Иш чаранын жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчѳлѳрү катары каттоодо турган 11 жаранды ички иштер бѳлүмдѳрүнѳ алып келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аларга 2021-жылдын 28-ноябрь күнү ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттардын шайлоону ѳткѳрүүдѳ үгүт жана башка иш-чараларына кийлигишбѳѳ жана мыйзам бузууларга барбоо боюнча түшүндүрүлүп, эгерде мыйзам бузуучу аракеттерге баруучу болсо катуу чара кѳрүлѳ тургандыгы боюнча эскертүү берилди.

Алар:  


1. Ош областынын Алай районунун тургуну 1989-ж.т. К. У. К

 


2. Ош областынын Кара-Суу районунун 1995-ж.т. тургуну Т.Б.А


3.Ош областынын Кара-Суу районунун 1986-ж.т. тургуну Ж.У.Ж 


3. Ош областынын Ѳзгѳн районунун 1992-ж.т. тургуну А. уулу А


4. Ош областынын Кара-Суу районунун 1968-ж.т. тургуну З.Ж.Р


5. Ош областынын Өзгөн районунун 1970-ж.т. тургуну С.М.К


6. Ош областынын Алай районунун 1965-ж.т. тургуну Ж.Р (Шаң)


7. Ош областынын Кара-Суу районунун 1989-ж.т. тургуну С.Б.А


8. Ош областынын Кара-Суу районунун 1992-ж.т. тургуну И.М.И


9. Ош областынын Өзгөн районунун 1983-ж.т. тургуну Д. А


10. Ош областынын Кара-Суу районунун 1987-ж.т. тургуну Д.В.Т (Алихан)



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн