Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп ишкерден опузалап акча талап кылган шектүүлөр кармалды

01.03.2021 16:14
744
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп ишкерден опузалап акча талап кылган шектүүлөр кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп ишкерден опузалап акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК 27-февралда уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарында 1 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн биринин 51 жаштагы А.А. жана 35 жаштагы Б.М. аттуу жарандарын кармады.

"Кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп Т.А. аттуу ишкерден опузалап 28 миң доллар акча каражатын жана коркутуу жолу менен кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн кайра каттатууну талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча катталды.

Шектүүлөр Ош шаарындагы УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн