COVID-19 вирусунан сакайгандардын саны жуктуруп алгандарга караганда көп болууда, деп билдирди Республикалык штабдын басма сөз кызматы.
Бул райондордо жайгашкан ири ооруканаларда дарыланууга муктаж болгон башка райондон дагы жарандар келгендигине байланыштуу.
“Мисалы, Ош шаарында облустук деңгээлдеги эки оорукана бар. Ош шаарында 113 жуктуруу учуру катталган, 117 адам айыккан, сакайгандардын 4 учурга көп болушу – бул Ош шаарындагы ооруканаларга жайгаштырылган башка райондордун бейтаптары. Айыкты деп түзмө-түз дал ошол ооруканадан ийгиликтүү дарыланып чыгарылгандардын саны түшүндүрүлөт, анын ичинде башка райондордун да жашоочулары бар”, - деп маалымдады ыкчам штабдан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн