Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ошто жана Нарында жер титирөө катталды

26.06.2020 09:29
1091
Ошто жана Нарында жер титирөө катталды


Ош жана Нарын облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 25-июнь күнү саат 17:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Кароол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. 


Ошондой эле 25-июнь күнү саат 19:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн