Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 03:37
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Ошто жаңы түгөйлөр кортеж ордуна 50 балага окуу куралын алып берди

14.08.2021 11:03
715
Ошто жаңы түгөйлөр кортеж ордуна 50 балага окуу куралын алып берди


Турмуш жолуна жаңы кадам ташташкан Тынчтыкбек менен Бегимай кортеж менен жүрүүнүн ордуна 50 мектеп окуучусуна окуу куралдарын жана керектүү жабдыктарды алып беришти. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы кабарлады.



Иш-чара Ош облусунун мусулмандарынын казыятында өтүп, ага облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова жана мектеп окуучулары катышты.


Саамалык алкагында облус казысы эки жаштын бул кадамы ырксыз чыгымдар менен күрөшүү экендигин баса белгилеп, мындай көрүнүш башкаларга дагы үлгү болуусу керектигин билдирди.


«Учурда мамлекетибиз жана дин чөйрө ырксыз чыгымдарга бөгөт коюу боюнча тыгыз иш алып барууда. Бүгүнкү көрүнүш ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө салым болсо, экинчи тараптан илим-билимдин өнүгүүсүнө материалдык жактан көмөктөшүү болуп саналат. Мамлекетибизде дал ушундай жаштар көбөйө берсин», - деди облус казысы.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Алла ыраазы болсун!