Ош
шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанынан болжол менен 18-20 жаштагы жигиттин жансыз
денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июнда маркумдун
денесин көргөн жергиликтүү жашоочулар саат 6:30да милицияга кабарлашкан. Анын
сөөгү Ош шаарындагы Салиева көчөсүндөгү №28 көп кабаттуу үйүнүн короосунан табылган.
Учурда каза болгон адамдын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн