Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто жер тилке алып берем деп 25 миң долларды бербей жүргөн аял кармалды

19.08.2022 19:15
662
Ошто жер тилке алып берем деп 25 миң долларды бербей жүргөн аял кармалды

Кара-Суу районунда алдамчылык фактысы менен жаран кармалды.  Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.


Белгилүү болгондой, Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун тургуну 1957-жылы туулган Г. М., арыз менен кайрылган, анда 2021-жылдын август айынын башында 49 жаштагы К.Г., жер тилкесин алып беремин деп 25000 (жыйырма беш миң) АКШ доллар акчасын алдоо жолу менен алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөндүгүн билдирип арыз менен кайрылган.


Аталган факт Кара-Суу РИИБдин маалыматтын электрондук журналына катталып, тергөө амалдары башталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


Кара-Суу РИИБдин Кызыл-Кыштак аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну К.Г.,экендиги аныкталып, кармалган. Кылмышка шектүү катары К.Г., жактоочунун катышуусунда суралып, 2022-жылдын 18-август күнү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн