Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ошто жер тилкелерин мыйзамсыз саткан "Кадастрдын" мурдагы башчысы кармалды

08.10.2021 10:50
723
Ошто жер тилкелерин мыйзамсыз саткан "Кадастрдын" мурдагы башчысы кармалды


УКМК Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2021-жылдын 5-октябрында 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу районунун "Кадастр" МИ башчысы болуп иштеген "Ш.С." бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болуп кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


  Кармалган жаранга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган. 


2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн