Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:30
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Ошто жергиликтүү тургун чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган

23.08.2024 12:18
347
Ошто жергиликтүү тургун чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган


Ош шаарында жергиликтүү тургун чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан нак чет өлкө валютасын мыйзамсыз алып чыгууга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "Ош" аэропортунан Кыргызстандын жараны 1999-жылы туулган Х.А.А. кармалды. Ал Кыргызстандан Россияга 99 миң 700 швейцариялык франк (9 миллион 835 405 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетүүгө аракет кылган. (КР Улуттук банкынын үстүбүздөгү жылдын 22-августуна карата маалыматы боюнча: 1 швейцариялык франктын кыргыз сомундагы баасы – 98,65).

Аталган факты боюнча материалдар КМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Маалымат үчүн: КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле КР улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн