Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто жергиликтүү ундан тандыр наны бышырылып сатыла баштады

29.09.2023 13:28
863
Ошто жергиликтүү ундан тандыр наны бышырылып сатыла баштады


Кыргызстанда "Агровест" ун чыгаруучу ишканасынын 1-сорттогу “Тулпар” унунан тандыр наны жасалып, сатыкка чыгарыла баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ун сапаты жагынан импорттук ундардан кем калышпайт, камырдын ийкемдүүлүгү дагы мыкты.

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматтын адистеринин демилгеси менен, атайын экспертиза жүргүзүлүп, Ош облусундагы наабайканалардын биринде жергиликтүү ундун 1-сортунан тандыр наны жасалган. Жыйынтыгында жергиликтүү ундан жогорку сапаттагы нан жабылды. Кыргызстандын уну импорттук ундарга салыштырмалуу, кубаттуулугу жана курамы бир топ минерал заттар менен байытылган", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан ун комбинаттары ассоциациясынын жетекчиси Р. Жунушев билдиргендей, кыргыз унунун курамында, темир, фолий кычкылдыгы сыяктуу бир нече табигый пайдалуу минералдар бар. Кыргыз уну атайын лабораториялардан өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, буга чейин ведомство тандыр нанынын баасы кымбаттаганын, ал эми бөлкө нандын баасы туруктуу экенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн