Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
“Кашкар-Коттон Текстил” пахтаны кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана жергиликтүү дыйкандар катышты.
Аталган ишканада жергиликтүү тургундар үчүн 80 жумушчу оруну түзүлүп, жылына 10 миң тоннага чейин чийки пахтаны кайра иштете алат.
Пикирлер (1)