Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:08
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ошто жолдошу 22 жаштагы жубайын кызганычтан улам бычактап өлтүргөн

Ошто жолдошу 22 жаштагы жубайын кызганычтан улам бычактап өлтүргөн

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинен 22 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка таянсак, окуя 2-апрель күнү болгон. 22 жаштагы келиндин сөөгү Ак-Буура дарыясынын боюнан табылган. 
 
Кылмышка шектелүү катары маркумдун 28 жаштагы жолдошу кармалды. Ал жубайын башка эркектен кызганып, артынан аңдып, жээкте отурган жеринде бычактап кеткени айтылды. 
 
“Экөөнүн ортосунда 3 баласы бар. Маркум менен шектүү лөлү тектүүлөр болгон, Кара-Суунун Жаңы-Маала айылында жашашкан”, — деп билдирди Ош шаардык милициясы.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн