Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто жүргүнчүлөр маршруткалардын кыймылын көзөмөлдөй алат. OSHBUS тиркемеси ишке кирди

02.08.2022 18:15
1123
Ошто жүргүнчүлөр маршруткалардын кыймылын  көзөмөлдөй алат. OSHBUS тиркемеси ишке кирди

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.


Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду.


"Бул системанын негизги максаты - шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - деп баса белгиледи мэр.


Кошумчалай кетсек, бул система коомдук транспорттун ишин уюштуруучу тиешелүү кызматтарга кичи автобустардын тейлөөсүнө жана сандык абалына күн сайын мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.


Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясы коомдук транспортторду өнүктүрүүгө ар дайым көңүл буруп келе жатканын кошумчалап, мындай шарттардын түзүлүшү менен кичи автобустардын айдоочуларынын өз милдеттерин так жана сапаттуу аткаруусун камсыздай турганын билдирди.


Белгилей кетсек, буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга ийгиликтүү киргизилген.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Муратова
Туура жол