Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Оштогу №4 мектеп-гимназиясынын директору, билим берүүнүн мыктысы көз жумду

15.07.2020 15:59
1487
Оштогу №4 мектеп-гимназиясынын директору, билим берүүнүн мыктысы көз жумду


Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош шаарындагы жалпы билим берүү кызматкерлери оор жоготууга учурады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 



Кечээ, 14-июль күнү 61 жаш курагында билим берүү тармагына эбегейсиз салым кошкон, көп жылдык педагогикалык эмгек тажрыйбасы бар улуу педагог Туташева Гулнар Токтомаматовна дүйнө салды.



Ал 1959-жылдын 28-ноябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. 1977-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун босогосун аттап, 1982-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган. 1982-жылдын 15-августунан Алай районунун Кара-Суу орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. 1984-жылы ЖЭКтин паспортистка кызматында иштеген. 1989-жылдын 10-майынан тартып Карл Маркс атындагы орто мектебине орус тили жана адабияты мугалими болуп кабыл алынган.



1990-жылдын 31-августунан №4 С.М.Киров атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. 1991-жылдын 2-сентябрынан тартып Өзгөн районунун Куршаб орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, 2000-жылдын 2-сентябрынан №4 мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. 2010-жылдын 16-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин бул гимназиянын директору кызматында үзүрлүү эмгектенип келген. Туташева Г.Т. өтө жоопкерчиликтүү, өз ишин мыкты билген, балдарга билим, тарбия берүүдө зор салым кошкон, адамдык сапаты жогору инсан эле.



Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Гүлнар Токтомаматовнанын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу башкармалыктын жамааты, жалпы эле билим берүү тармагындагы кесиптештери үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Аматова С.Ю., Балтабаев А.О., Коконов Б.К., Давыдова В.З., Айдарова С.К., Акжолов А.П.,., Самидинова Д.П., Закиров Р.А. ж.б.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн