Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оштогу асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Себеп

24.08.2022 12:01
1170
Оштогу асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Себеп


Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Курулуш-Тейлөө" асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-августунда интернет айдыңында Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатат деген маалымат чыккан.

Маалыматтык кайрылуунун негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору ыкчам иш алып баруу үчүн аталган ишканага барган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Курулуш-Тейлөө” ЖЧКнын контролдоо-өлчөөчү жабдыктарын мыйзамсыз иштетүү учурунда асфальт-бетон заводунун морунан жарым сааттай кара түтүн чыккандыгы белгилүү болду. Ошондой эле “Курулуш-Тейлөө” ЖЧКнын асфальт-бетон заводун иштетүүгө эч кандай уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын жетекчилигине тийиштүү уруксат кагаздарын алууга, чыккан түтүндү зыянсыздандыруучу чыпкамаларды орнотууга эскертме берилип, заводдун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн