Оштогу муктаж үй-бүлөлөргө 1552 тонна байытылган буудай уну таратылат. Бул тууралуу Россиянын Ош шаарындагы консулдугунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда консулдуктун кызматкерлери жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Ош облусунда ишке ашырылып жаткан иштерди көрүшкөн.
Анын жүрүшүндө катышуучулар Кыркол жайлоосунда курулган сарайды, Үч-Бай айылында таза суу киргизүү иштери жана резервуарын куруу, Ак-Булак мектебинде тамактануу программасынын жүрүшү, Насирдин Исанов айылындагы тигүүчүлүк курстары жана Кайрагач жана Бел айылдарындагы көпүрөлөрдү куруу боюнча иштерди көрүп чыгышканы белгиленди.
"Жыйынтыгында Россиянын гуманитардык жардамын өткөрүп берүү аземи болду. Бул жардамдын алкагында 1552 тонна байытылган буудай унунун аймактагы муктаж үй-бүлөлөргө бөлүнүшү каралган", — деп жазылган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн