Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оштогу мүрзөлөргө жаш балдардын сөөгү көп коюлуп жатканынын себеби эмнеде?

18.02.2021 18:24
1339
Оштогу мүрзөлөргө жаш балдардын сөөгү көп коюлуп жатканынын себеби эмнеде?

Акыркы учурда балдар арасында оору жайылып жатканы мени ата катары тынчсыздандырууда. Бул тууралуу ишкер Ахрор Иминов «Фейсбук» баракчасына жазды.


Ал бардык ооруканаларды текшерип, алдын ала чара көрүү керектигин белгиледи.


«Мен катардагы ата катары бул маселе боюнча ачык айтышым керек. Азыр мени аябай тынчсыздандырат!

Бүгүн, биринчи вице-премьер-министр Артём Эдуардович Новиков балдардагы пневмония учурлары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн тиешелүү органдардын ишин сынга алды.

Дурус! Коомдо коркуу сезими күч ала баштады. Чечимдер керек!

14-февралда үй-бүлөбүз менен Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө барып, маркум атамдын бейитине куран окуп келдик. Көрүстөндүн кароолчусу мага акыркы мезгилде балдардын сөөгү көбүрөөк алынып келингенин айтты. Өлүмдүн себеби катары пневмония көрсөтүлөт. Акыркы жумада 20 балага чейин келди. Тез арада бардык ооруканаларды текшерип, алдын ала чара көрүшүбүз керек! Кылдат текшерүү керек!», – деп жазат ишкер.


Булак: Репортер.кг

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн