Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Оштогу өзгөчө оор кылмыштан кийин 11 жерге блок пост коюлду

16.01.2023 08:42
464
Оштогу өзгөчө оор кылмыштан кийин 11 жерге блок пост коюлду

Ош шаарындагы адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2023-жылдын 13-январдан 14-январга караган түнү Ош шаарында болгон адам өлтүрү фактысы боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кылмыштын бетин ачуу жана кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча 2023-жылдын 14-январь күнү саат 08:00дөн баштап Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван жана Кара-Кулжа райондоруна “Сирена” жана “Чагылган” атайын ыкчам иш-мерчеми киргизилип, ошол ич-чаралардын алкагында Ош облусунун аймагында 11 блок пост коюлган.


 2023-жылдын 14- жана 15-январь күндөрү блок постторго жалпысынан 135 кызматкер тартылган. Ошондой эле уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоодосунда турган.


14 жаран ички иштер бөлүмүнө алынып келинип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда издөө жарыяланган кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш чаралар улантылууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн