Ош шаарындагы "Нейролайф" клиникасы пневмонияга кабылган бейтаптар үчүн изоляция катары иштетилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Убактылуу пайдаланууга берилген бул клиникада коронавирус жана пневмонияга кабылган бейтаптар дарылана баштайт.
Клиника менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып чыгып, иштеген дарыгерлерге айлык акысы толук бериле турганын билдирди. Клиникада жалпы 36 орун даярдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн