Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Оштогу сел: 6,5 миң абонентке электр жарыгы берилди

15.07.2024 09:17
718
Оштогу сел: 6,5 миң абонентке электр жарыгы берилди


Селден улам Кара-Суу районунун Мады аймагында жарыксыз калган 7,5 миң абоненттин 6,4 миңине электр энергиясы берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн дагы селдин калдыктарын тазалоо, дезинфекциялоо, жана калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте уланат.

Белгилей кетсек, күн мурун катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолуп келген сел суулары Ош – Гүлчө – Эркештам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки унаа жолдоруна кум шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Мындан тышкары, унааларды агызып, турак-жайлардын короо сарайларына жана жер төлөөлөрүнө сел суулары кирген. Электр мамычалар жана Беш-Мойнок подстанциясы жабыркап, 7,5 миң абонент жарыксыз калган. Жабыркаган жарандар жок.

Белгиленгендей, облус жетекчилиги суу каптаган аймакка барып, координациялоо иштерин жүргүзүп, баардык облустук кызматтар тиешелүү иштерди аткарууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн