Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:46
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Оштогу жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери жүрүүдө

26.07.2024 10:16
1085
Оштогу жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери жүрүүдө


Ош шаардык мэриясы тарабынан жаңы муниципалдык базарды куруу иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов Б.Осмонов көчөсүндө жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты. Жаңы базар "Мегаполис" соода борборунун маңдайына курулууда.

"Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду ачуу каралган. Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 14-июлда катуу сел жүрүп, борбордук базардагы 700дөн ашуун контейнерди каптаган. Ошол учурда базарда соода кылып жаткан бир аял селге агып каза болгон. Мындан улам борбордук базарды шаардын сыртына көчүрүү чечими кабыл алынган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн