Ош облусунан дарыгерлер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин демилгеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосунда, Ноокат районунун айыл аймактарындагы 74 медицина кызматкери Ысык-Көл обулусуна 7 күнгө акысыз эс алууга жөнөп кетишти.
Буга чейин Чүй облусунун жана Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен көрүшүүгө тартылган кезектеги 48 медициналык кызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөнү маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн