Ош шаарында ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары жүк ташуучу камаз менен "Талаа госпиталды" жүктөп Бишкек шаарына жолго чыгышты.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, талаа госпиталы медициналык жабдуулар жана ыкчам керектүү шаймандар менен жабдылган.
"Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана товар сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпитал 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн