Кулжа 26, 2024
Убакыт: 19:21
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Оштон Дубайга жаңы авиакаттам ачылат

11.02.2022 18:34
622
Оштон Дубайга жаңы авиакаттам ачылат

"Шарджа-Ош-Шарджа" багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.


«Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча жаңы аба каттамын ачуу пландалууда. Аталган каттам Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы. 


Жаңы каттам 2022-жылы 21-февралдан 3-мартка чейин жумасына 2 жолу: дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми, 3-марттан баштап каттамдар жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү учат. 

Учуу узактыгы 3,5 сааттан 4 саатка чейин созулат. 


Азыркы тапта, Air Arabia авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропортунан «Шарджа-Бишкек-Шарджа» багыты боюнча жумасына 6 жолу каттам аткарууда (дүйшөмбү күнүнөн сытркары).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн