Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:08
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Оштон Россияга учуп кетип жаткан 19 жаштагы жарандан ок-дарылар табылды

10.01.2024 17:13
502
Оштон Россияга учуп кетип жаткан 19 жаштагы жарандан ок-дарылар табылды


Оштон Россияга учуп кетип жаткан 19 жаштагы жарандан ок-дарылар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6-январь күнү Өзгөн районунун 2004-жылы туулган тургуну М.уулу Б. Ош Эл аралык аэропорту аркылуу Россия Федерациясына учуп кетүү  үчүн келип, текшерүүдөн өтүп жатканда анын  сумкасында 1 даана белгисиз калибрдеги патрон жана 1 даана кастет бар экендиги аныкталган. 


Бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тийшитүү текшерүү иштери башталган. 


Белгисиз калибрдеги патронго жана кастетке тийиштүү экспертизалар дайындалган.


Эскпертизанын  корутунудусуна ылайык, патрон- АКС-74, АКС-74У, АК-74 жана РПК-74 автоматтарына колдонулуучу 5,45 калибрдеги атууга жарактуу ок экендиги аныкталган.


Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү М.уулу Б. тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. 


Учурда  окту кайдан алгындыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн