Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Оштон алгачкы топ ажылык сапар менен Медина шаарына учуп кетишти

14.06.2023 14:17
799
Оштон алгачкы топ ажылык сапар менен Медина шаарына учуп кетишти


Бүгүн "Ош" эл аралык аэропортунда 2023-жылдагы ажылык амалдарын аткаруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагындагы болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына учуп кетти.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ажыларды узатууга муфтийдин биринчи орун басары, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов, ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Самидин Мамаев, ошондой эле Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушов баштаган казыят аппараты катышты.

Белгилей кетсек, 12-июнда башталган ажылык сапарынын алкагында Бишкектен 1 миң 846 ажы Медина шаарына учуп кеткен. Ал эми бүгүн Оштон төрт ажы башчынын коштоосунда 168 ажы абага көтүрүлдү.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн