Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Оштон токтоп турган унааны айдап качкан жигит Токтогулдан кармалды

23.10.2020 15:35
486
Оштон токтоп турган унааны айдап качкан жигит Токтогулдан кармалды

  • Ош шаарында токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогул районунан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 23-октябрда Ош ШИИБден Жалал-Абад ОИИБне багыттама жиберилип, анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанында кулпуланып токтоп турган, кызыл түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны, 23-октябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер ичин ачып, айдап кетип калгандыгы белгиленген.


"23-октябрда болжол менен саат 11:20 чамасында Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн инспектору Токтогул районунун аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү “Хонда-Фит” автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу токтобой айыл аралап айдаган. Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда анын айдоочусу, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган  Х.Р. автоунаадан түшүп жөө качып жөнөгөн. Эскертүү иретинде асманга ок атылган учурда да ал токтогон эмес. Инспекторлор артынан кууп жетип Х.Р. кармалган. Окуя болгон жерден эч ким денесинен жараат алган эмес", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн