Ош шаарынын айрым жерлеринде жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-4-июнь күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарындагы Кулатов, Анар, Төлөйкөн жана Ак-Тилек кичи райондорунда көгүлтүр от убактылуу берилбейт.
Буга башкы себеп катары Көкүмбий көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейин газ түтүкчөлөрүн оңдоп-түзөө, ширетүү иштери жүрөрү айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн