Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Оштун экс-мэри Мырзакматов элге шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

18.12.2020 10:48
3030
Оштун экс-мэри Мырзакматов элге шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады


Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстандагы акыркы кырдаал боюнча өз пикирин билдирди. Ал шайлоо алдында айрым талапкерлер өз тарапташтарын атаандаштарына тукуруу, өлкөнү жик жикке, сай-сайга бөлүү, негизсиз каралоолор менен алектенип жаткандарын жазды.


«Урматтуу мекендештер!

2020-жыл жалпы адамзат үчүн оор сыноолордун жана жоготуулардын жылы болду. Жалпы дүйнөлүк коомчулук ар кандай апааттарга, экономикалык жана социалдык сыноолорго туш болду.


Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде, ошонун ичинде Кыргызстан да жалпы адамзатка келген сыноолордон четте калган жок. Анын үстүнө, өлкөбүздө тымызын социалдык-саясый тирешүлөр күчө, чыңалып олтуруп, ал октябрь айындагы бийлик алмашуу менен соңуна чыкты.


Ошол бийлик алмашуудан кийин ар кандай саясий көз караштагы жана башка күчтөр баш көтөрүп, 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого өз талапкерлерин алып чыга башташты. Азыркы учурда кылдат байкоо жүргүзгөн кишиге кичинекей өлкөбүздү туш тарапка тарткылап, тарпын чыгара тургандай сезилип жатат. Кудай сактасын!


Талапкерлер өз тарапташтарын атаандаштарына түкүрүү, өлкөнү жик жикке, сай-сайга бөлүү, негизсиз каралоолор менен алектенишип жаткандай. Кээ бир талапкерлердин элдин мүдөөсүн аткарып, жүгүн көтөрүү максаттары жоктой сезилет. Тек гана өлкөдө кырдаалды курчутуп, мындан ары да саясий, экономикалык кризиске каптоо ниеттери бардай.


Дүйнөнүн дээрлик копчулук мамлекеттеринде шайлоо, референдумдарды мындай кой, учурда жалпы адамзатка келип жаткан ар кандай апааттарга жана азык түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча токтоосуз чараларды көрүп жаткан учуру.


Урматтуу Мекендештер!

Кадырлуу Талапкерлер!

Ошондуктан баарыныздарга кайрыларым, 10-январда боло турган Президенттик шайлоолодо биринчи кезекте өлкө келечегин, коомубуздун тынчылыгын ойлоп, жеке амбицияларды четке кагып , алдыдагы өнөктүктү келечегибизге доо кетирип албагандай ынтымакта жана мыйзам талаасында өткөрүп алганга чакырат элем .


Мамлекетибиз бирөө гана! Анын келечеги эч кимибизди кайдыгер калтырбаш керек!», - дейт ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эркинбек
Садыр Жапаров