Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Оштун коменданттык убакыт киргизилген аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

15.04.2020 13:01
2347
Оштун коменданттык убакыт киргизилген аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды


Ош облусунун коменданттык саат кирген аймактарында спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти. 


"Өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Буйруктун аткарылышын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы түзүмдөрү, ИИМдин түзүмдөрү көзөмөлдөйт жана камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн